22:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте жашы жете элек 18 бала иштеп жаткандыгы аныкталды

Бишкекте жашы жете элек 18 бала иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу боюнча инспекциясынын кызматкерлери акимиат менен биргеликте  «Эмгек» аталышындагы рейд жүргүзүшкөндө маалым болду.

Бишкек ШИИББнын маалыматына ылайык, аталган иш-чара балдар эмгегин колдонууну жок кылуу  максатында жүргүзүлгөн. Анда базарлар, техникалык тейлөө станциялары, унаа жуучу жайлар текшерилди. 

Иш-чаранын жыйынтыгында  жашы жете элек 18 бала иштеп жаткандыгы аныкталган. Алар ата-энелерине жардам берип жаткандарын билдиришти. 

Эң көп окулган жаңылыктар