13:54
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

ФИФАнын «Жылдын мыкты машыктыруучу» наамы Луис Энрикеге ыйгарылды

ПСЖнын башкы машыктыруучусу Луис Энрике ФИФАнын 2025-жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жарыяланды.

Испаниялык машыктыруучу менен бирге бул сыйлыкка көрсөтүлгөн башка талапкерлердин арасында Ханс-Дитер Флик (Барселона), Энцо Мареска (Челси), Микель Артета (Арсенал), Арне Слот (Ливерпуль), Роберто Мартинес (Португалия) жана Хавьер Агирре (Мексика) бар.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
Өткөн сезондо Энрикенин жетекчилиги астында ПСЖ Чемпиондор Лигасын, Франция лигасын, Франция Кубогун жана Франциянын Суперкубогун жеңип алган. Француз футболчулары ошондой эле Клубдук Дүйнө Кубогунун финалына чыгып, УЕФАнын Суперкубогун жеңип алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар