Бүгүн, 12-декабрь саат 10:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар, чектөө жок.
Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол—Эңилчек унаа жолуна түшкөн кар көчкү жол тейлөө кызматтары тарабынан тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта кеңейтүү иштери жүрүүдө
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 53-61-чакырымдар аралыгында жасалма тыгын жаралып, № 959 Жол тейлөө ишканасынын ыкчам аракети менен кырдаал жөнгө салынды. Азыркы тапта эки тараптуу каттам бар, жол ачык.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол ачык.
Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

