10:42
USD 87.45
EUR 101.80
RUB 1.14

KFU Football Awards: Кыргызстанда мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өтөт

Өтүп бараткан сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин 19-декабрда өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, KFU Football Awards — өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи болуп саналат.

Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

  • Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу;
  • Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;
  • Футзалдын мыкты оюнчусу;
  • Футболдун мыкты жаш оюнчусу;
  • Футболдун мыкты машыктыруучусу;
  • Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу;
  • Футзалдын мыкты машыктыруучусу;
  • Футболдун мыкты калысы;
  • Футзалдын мыкты калысы;
  • Мыкты спорттук уюм;
  • Мыкты регионалдык ассоциация;
  • Мыкты футбол клубу.
Эң көп окулган жаңылыктар