Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анын курамына 13 улуттук спорт федерациясы кирет жана ар бир уюмдун мыкты өкүлдөрү жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталды.
Иш-чаранын алкагында бир нече номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Алар мыкты спортчу, мыкты федерация, улуттук спортту өнүктүрүүгө салым кошкон инсандар жана командалар болду.
Мындан тышкары, жылдын мыкты федерациясы аныкталды. Бул номинация жалпы упайга эмес, ар бир уюмдун 2025-жылдагы ишине, анын ичинде акыркы баалоосуна, добуш берүүгө, ишмердүүлүгүнө жана жетишилген жыйынтыктарына негизделген.
«Аргамак» федерациясы жыл ичинде 21 ат спорту боюнча мелдеш өткөрдү, анын ичинде беш ири улуттук турнир болду. Мелдештердин сапаты, спорттун өнүгүшү жана улуттук спортко кошкон салымы жогору бааланды.
Жылдын жыйынтыгы боюнча, «Аргамак» 2025-жылдын мыкты федерациясы деп табылды.

