11:18
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

ӨКМ: Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74 чакырымдарында Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар