10:18
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары желеги Африканын бийик тоосу Килиманжародо көтөрүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Африкадагы деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктиктеги Килиманжаро чокусунда көтөрүлдү. Аны Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти, Эверестти багындырган альпинист Эдуард Кубатов ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын желеги Африканын бийик тоосу Килиманжародо көтөрүлдү

Эдуард Кубатовдун пикиринде, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай желектин чокуда желбиреши маанилүү окуялардан болуп калды.

«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу Африканын үстүнөн биздин рухубуздун күчтүүлүгүнүн жана дүйнө элдеринин ар түрдүүлүгүнө болгон урматтоонун белгиси катары көтөрүлдү. Оюндарга 20дан ашык африкалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышарын айта кетейин», — деди ал.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. Иш-чарага 100дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар