14:45
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Кыргызстанда 12 000ден ашык үй-бүлө социалдык келишимдерге кол коюшту

Эмгек министрлиги
Фото Эмгек министрлиги. Кыргызстанда 12 000ден ашык үй-бүлө социалдык келишимдерге кол коюшту

2025-жылдын 10-ноябрына карата өлкө боюнча аз камсыз болгон жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 200дөн ашык социалдык келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү.

Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда.

Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда.

Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар