19:51
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Бишкектеги бала бакчалар жаңы иштөө күн тартибине өттү

Бишкектеги бала бакчалар жаңы иштөө режимине өттү. Бул маалыматты 24.kg агенттигине борбор калаанын билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.

Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы токтому менен бекитилген жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 10 сааттык иш күнү болот.

Балдар саат 8:00дөн 18:00гө чейин бала бакчаларда болушат.

Белгилей кетсек, мурдыгы Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» мамлекеттик стандарты 11 сааттык топторду камтыган. Окуучуларды кабыл алуу саат 7:30дан баштап жүргүзүлүп, балдарды саат 18:30га чейин болчу.

Кээ бир ата-энелердин айтымында, азыр жумушка барганга үлгүрбөй жатышат.

Мектептер боюнча графикке келсек, класстык штаттык толуктоо аяктагандан кийин маалымат берилерин ведомстводон белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар