14:06
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Ош шаарында аттракциондордун жана балдар борборлорунун коопсуздугу текшерилүүдө

Ош шаарында аттракциондор менен балдардын оюн-зоок жайларынын коопсуздугу боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө» КР мыйзамын аткаруунун алкагында тиешелүү кызматтардан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан балдарга арналган оюн-зоок аянтчаларынын коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-гигиеналык абал, өрт жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы тыкыр каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG