00:24
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Кыргызстанда дээрлик 82 миң бала мектепке катталды

Кыргызстанда дээрлик 82 миң бала мектептерде каттоодон өттү. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 1000ден ашык бенефициарлар катталган. Бош калган 204 миң орун бар.

Бишкекте 1-класска 5,8 миң, ал эми экинчи класска 7,1 миң бала барат.

Белгилей кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу каттоо дареги боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
2-май, жума