Көбүнчө инсулинге туруштук берүү жана кант диабетинен жапа чеккен улгайган адамдарга кант алмаштыруучу же кумшекерсиз десерттерди тандоо сунушталат. Бул тууралуу дарыгерлер билдирди.
Маалыматка ылайык, организмдин курамына жана жеке реакцияларына көңүл буруу зарыл.
«Ден соолукка пайдалуу десертте быштак, кебек жана жумуртка бар. Сүт азыгында сөөккө керектүү кальций бар, кебек ичегилердин иштешин жакшыртат. Ал эми жумуртка белоктун булагы», — деп түшүндүрдү адис.
Адистер кара өрүк менен сулу печеньесине көңүл бурууну кеңеш кылууда. Каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда май кислоталарына, аргинин аминокислоталарына жана флавоноиддерге бай халва жана кара шоколадды жесе болот. Нан азыктарына альтернатива катары калийге бай кургатылган өрүк, корица кошулган бышырылган алма сыяктуу жемиштерди жесеңиз болот.