Бүгүн, 10-апрелде борбор калаанын табыш тарабында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөн 24:00гө чейин Алыкулов көчөсү — Кустанай көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу — Рыскулов көчөсү (Дэн Сяопин проспектиси) — Интергельпо — темир жол линиясы, ошондой эле (Пригородное) Юбилейная көчөсү — Горький көчөсү—Садовая көчөсү (Пригородное) — ЧЧК менен чектешкен аймактарда, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер конуштарында, 110-квартал, Достук кичи райондорунда суу болбойт.
Ичүүчү суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.