Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Баткен облусундагы май куюучу жайлардын биринде дизель майын милдеттүү маркасы жок сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майдын жалпы көлөмү 12 689 литрди, ал эми жалпы суммасы 946 599 сомду түздү.
Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн аймактык көзөмөл органына өткөрүп берүү үчүн даярдалып жатат.
Салык кызматы маркасы жок отунду сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналаарын эскертет. Милдеттүү маркасы жок КММны сатуу административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келиши мүмкүн.