03:50
USD 86.99
EUR 99.28
RUB 1.06

Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Бүгүн борбор калаанын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн 9-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси – Миңжылкиев көчөсү – Сагындыков көчөсү - Масалиев проспектиси менен чектешкен аймакта ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу диаметри 300 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG