17:03
USD 86.83
EUR 95.46
RUB 1.02

Башкы прокуратура: Жетим балдарга батир жана жер тилкелери берилди

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, ата-энесиз калган төрт балага өз убагында турак-жай берилбеген фактылар аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Майлуу-Суу шаарынан эки балага батир, Токтогул районунан бир балага жана Тогуз-Торо районунан бир балага жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG