«Бишкекжылуулукэнергиясы» муниципалдык ишканасы абоненттердин керектелген жылуулук энергиясына болгон карызын азайтуу боюнча рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананын кызматкерлери үч айдан ашык кызмат акысын төлөбөгөн абоненттерди текшерет.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө карызкорлорго өз убагында төлөп берүү зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карызды тез арада жабуу боюнча актылар жана буйруктар түзүлүүдө. Кээ бир учурларда төлөм мөөнөтүн олуттуу түрдө кечиктирген абоненттердин ысык суусу өчүрүлөт.
«Бишкекжылуулукэнергиясы» ишканасы абоненттерди жылуулук энергиясын өз убагында төлөөгө чакырат, анткени бул ар бир үйдү туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоонун ачкычы болуп саналат.