20:17
USD 87.39
EUR 96.36
RUB 1.01

Бишкекте 8-майда Жеңиш парады өтөт

3-мартта президент Садыр Жапаров 8-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Жеңиш парады өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Парад Кыргызстан элинин Жеңишке жетүүдөгү баа жеткис салымын эскерүүнүн урматына, согуштун ардагерлеринин жана тылдын эмгекчилеринин улуу эрдигин, баатырдыгын жана эрдигин терең урматтоо менен өткөрүлөт.

Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда аскердик парадды даярдоону жана өткөрүүнү Коргоо министрлигине тапшырды.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскердик парадды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Маалым болгондой, бул жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тартылган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG