19:31
USD 87.45
EUR 99.20
RUB 1.06

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Борбор калаанын Ленин районунда 3-апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муздак суу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Боронбай, Көпүрө-Базар, Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы, Институт земледелия, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана Тенир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG