20:22
USD 86.66
EUR 93.75
RUB 1.03

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим комиссиянын бүгүн, 28-марттагы жыйынында кабыл алынып, Жогорку Кеңештин шайланган депутатын каттоону жокко чыгарууну Борбордук шайлоо комиссиясынын 11 мүчөсү колдоп, бирөө каршы добуш берди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган мекемеге депутатка байланыштуу УКМКдан кат келип түшкөнүн белгилеген.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Жеңиш Сейитов өз баяндамасында Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип жатып, кылмыш жоопкерчилигине тартылганын жана соттолгондугун жашырганын баса белгиледи.

Эске салсак, 19-мартта Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: «Борбордук шайлоо комиссиясы Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыратса таң калбагыла», — деп билдирген.

Атайын кызматтын жетекчиси эл өкүлү тууралуу маалымат чогултканын белгиледи. Анын айтымында, 2017-жылы Султанбай Айжигитов баланы сабап, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок бул фактыны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары арызын берип жатып жашырган, бул конституциялык мыйзамды бузуу болуп саналганын айткан.

Султанбай Айжигитов ага козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип жатып, анын эч кандай кылмыш иши жок экенин, бул ошол кездеги атайын уюштурулган провокация болгонун билдирди. Иш боюнча эч кандай видео жазуу жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жоктугун билдирген.

"Тергөөчүлөр өздөрү мени эч нерсеге айыптай албай, мени тергөөдөн жашырып, издөөдө жүргөн деп, эч кандай далили жок, ишти создуктуруп салышты. Мен бул ишке атайылап чекит койдум. Бирок сотто доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен, иш жабылды, бул менин кылмыштуулугум жок",-деп билдирген депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG