14:00
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Кыргызстан Борбордук шайлоо комиссиясына төраганын жаңы орун басары дайындалды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрага орун басары Нурлан Койчукеев кызматтан кеткени менен комиссиянын мүчөсү катары кызматын улантат. Бул тууралуу БШК билдирди.

Бүгүн, 23-октябрда өткөн жыйында комиссия мүчөлөрү төраганын жаңы орун басары Бахадыр Конуровду шайлашты.

Бахадыр Конуровдун талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясына парламент «Ишеним» партиясынын квотасы аркылуу көрсөтсө, Нурлан Койчукеев президенттик квота аркылуу дайындалган.

Жетекчиликти алмаштыруу чечими комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар