07:02
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

Бишкек мэриясы бүгүн, 27-мартта борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотуларын билдирди.

Маалыматка ылайык, суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен кесилишкен аймакта өчүрүлөт: Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү, темир жол.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG