03:08
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Кыргызстанда беш муниципалдык мал базар курулуп жатат

Кыргызстанда беш муниципалдык мал базар курулууда. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базарлар Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, Кадамжай райондорунда жана Бишкек шаарында курулуп жатат.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик менен биргеликте Өзгөн жана Кемин райондорунан мал базар куруу үчүн жер бөлүнгөн. Жакында ал жерде да курулуш иштери башталат.

2024-жылы жети муниципалдык мал базар курулуп, пайдаланууга берилген. Алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов жана Сокулук райондорунда иштеп жатат.

Учурда өлкө боюнча 43 мал базары иштейт, анын 12си муниципалдык, 31и жеке менчик. Жалпысынан 18 базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берсе, калган 25 базарда аларды белгиленген нормаларга ылайыкташтыруу боюнча оңдоо иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG