Улан Жолдубаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп ички кызматтын майору Улан Жолдубаев дайындалган. Эми ал " м.а." префикси жок кызматына бекитилди.
Улан Жолдубаев 1987-жылы 25-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалистика факультетин аяктаган.
Акыркы кызматка дайындалганга чейин ЖАКтын Башкы оперативдүү-режимдик башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалаган.