19:06
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Жылуулук төлөмдөрүн төлөңүз! «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы рейд өткөрдү

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы жылуулукка карызы бар абоненттердин үйлөрүн жана батирлерин кыдырып, рейддерди өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө адистер дебитордук карызы 15 миң сомдон ашкан, 2-3 айдан бир нече жылга чейин төлөмдөрдү төлөбөгөн шаардыктардын үйлөрүн кыдырууда.

Адистер жашоочуларга төлөмдөрдү төлөө тартиби, карыздын мүмкүн болгон кесепеттери жана өз убагында төлөм жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүүдө.

«Карызы бар жарандарга карата колдонулуучу чараларды түшүндүрүүгө, ошондой эле карызды төлөөнүн варианттары жөнүндө маалыматтарды берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат»-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG