Бүгүн, 25-мартта борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу саат 9.00дөн 24:00го чейин токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский, Ж.Гвардия , ЧЧК, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектисинде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу өчүрүлөрүн билдирди.
Мындан тышкары Красный Строитель, Ак -Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштары да бул тизмеге кирген.
Маалыматта суу «Северный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.