02:04
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Ош шаарындагы Алишер Навоинин эстелиги реставрацияланып, башка жерге көчүрүлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуу өзбек акыны Алишер Навоинин эстелигин ушул эле аталыштагы сейил багында калыбына келтирип, башка жерге көчүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Курманжан Датки көчөсүндөгү 244 жана 246-үйлөрдүн жашоочулары менен жолугуп, каналды тоскон үйлөрдүн жанына мыйзамсыз курулуштарды жылдыруу өтүнүчүн укту.

Андан ары Жеңишбек Токторбаев Айтиев жана Ленин көчөлөрүндөгү кызыл сызык боюнча иштер менен таанышып, аталган көчөлөрдүн аймагын талапка ылайык өнүктүрүү жана коммерциялык имараттардын сыртын жаңылоо боюнча тиешелүү иштерди баштоону тапшырды.

Ал ошондой эле Алишер Навои атындагы сейил багында болуп, акындын эстелигин көчүрүү жана реконструкциялоо милдетин койду.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG