01:14
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Бүгүн, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет!

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG