03:56
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбекованын жетишкендиктерин белгиледи

Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатындагы жетишкендиктерин белгиледи.

«Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбековадай эч бир аялзаты жетишкен жок», — деп белгилейт UWW.

Кыргызстандыктын эсебинде алты алтын, үч күмүш жана эки коло бар.

Спортчу өзү бул пост үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова UWW Asia версиясы боюнча 2024-жылы Азиянын эң мыкты спортчусу болгон.

Белгилей кетсек, 25-30-март күндөрү Амманда (Иордания) күрөш боюнча континенталдык чемпионат өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG