Бишкекте аптанын биринчи жарымында күн ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
Бүгүн, 17-мартта күн ачык болот. Түнкүсүн температура нөлдөн жогору — +3 градуска чейин. Күндүз +23 градуска чейин жылыйт.
Ошондой эле 18 жана 19-мартта жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4 градуска чейин жылуу болсо, күндүз термометрдин көрсөткүчү +25 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.
20-мартта аба ырайы кескин өзгөрбөйт.