00:52
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн жер титирөө катталды

Өткөн түнү саат 03:06 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 7 чакырым түштүк-батышты карай, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышты карай, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүк-батышты карай, Саргата айылынан 15 чакырым түштүк-батышты карай Тахталы тоолорунда болгон.

Белгиленгендей, жер титирөөнүн күчү:

Бор-Дөбө айылында — 3,5 балл;

Кетмен-Төбө, Жетиген, Саргата, Кызыл-Ураан, Көк-Бел, Чалдыбар айылдарында 3 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG