00:08
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда бүгүн, 4-мартта таңкы саат 7де жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.

Учурда № 9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдогу карды тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин аткарышууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG