17-26-февраль аралыгында Катмандуда (Непал) өтүп жаткан Төрт улуттун Кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы экинчи беттешин өткөрдү. Аны YouTube каналынан көрө аласыз.
Мьянманын командасы менен болгон беттеш 5:0 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктады.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар Непал курамасына утулуп калган.
Кыргызстан — Ливан беттеши 23-февралда болот.
Турнирге Кыргызстан, Мьянма, Ливан жана Непалдан келген командалар катышууда. Жобого ылайык, беттештер бир тур менен өтүп, биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар финалда беттешет.
Турнирге Кыргызстандын курама командасы 2026-жылы өтүүчү Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында катышууда.

