Казань шаарынын мэри Ильсур Метшин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен жолугушту. Бүгүн, 6-февралда башталып жаткан «Казаныш» эл аралык архитектуралык-курулуш форумуна катышуу үчүн Кыргызстандын борборунан делегация Татарстандын борборуна келди. Бул тууралуу муниципалитеттин сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, былтыр февраль айында Казанда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылган. Башкы консулдуктун иш чөйрөсү Татарстан, Башкортостан, Марий Эл, Мордовия, Чувашия, Удмуртия жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыйт.
«Казаныш» эл аралык форуму БРИКС саммитинин архитектуралык уландысы болуп саналат. Ага 24 өлкөдөн 400гө жакын спикер катышат. «Ар түрдүүлүктөгү биримдик» тематикалык программасы 115тен ашык иш-чараны камтыйт.
Кыргыз Республикасынан келген делегациянын курамында мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жана Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев да бар.