03:40
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Быйыл Бишкекти жашылдандырууга 7,1 миллион доллар бөлүнөт

2025-жылы Бишкекти жашылдандырууга 7,1 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул акчага 10-15 миң көчөт отургузулат.

Депутат Дастан Бекешев өткөн жылдары «Жашыл мурас» программасынын алкагында отургузулган көчөттөр жакшы тамыр албаганын белгиледи. Ал эми сугат системасы бузулса, жаңы көчөттөр кантип тамыр жайаарын сурады.

Мэр ирригациялык системанын бузулушуна макул болбой, муниципалитет 2024-жылы суу арыктарды калыбына келтирээрин билдирди.

«Мисалы, Рухий-Мурас жана Алтын-Ордо конуштарында ирригациялык система жок. Эл огороддорун ичүүчү суу менен сугаргандыктан, ал аздык кылат», — деди эл өкүлү.

Айбек Жунушалиев жашылдандырууга бөлүнгөн акча дагы ирригацияны калыбына келтирүүгө жумшалат деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар