Талас облусунун Айтматов районунда укук коргоо кызматкерлери милицияга пара берип жаткан эки браконьерди кармашты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-январда тоолуу аймакта Айтматов РИИБинин кызматкерлери аң уулап жүргөн эки браконьерди кармашкан. 38 жаштагы Ш.А. жана Б.М. аттуу жарандарды кошумча иликтөө үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Кармалгандардын бири Б.М. тергөөчү иш козгобосун деп 10 миң сом пара берген. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Пара берүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 1-февралда Айтматов райондук соту аталган жаранды үй камагына чыгарган.
Тергөө иштери уланууда.