17:08
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Таштандыда табылган ымыркай чарчап калды

Мектеп окуучулары таштанды челегинен таап алган ымыркай кыз ооруканада чарчап калды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Эске сала кетсек, 28-январда Бишкектеги мектеп окуучулары таштанды контейнеринде калган ымыркайды табышкан. Окуя Интергельпо көчөсүндө болгон. Ымыркай баштыкка оролуп, таштанды челекке ташталган. Укук коргоо кызматкерлери ымыркайдын апасынын өздүгүн тактоодо. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин дарыгерлер ымыркайдын абалын туруктуу, бирок оор деп баалашкан. Ал реанимацияда болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар