15:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ошто ымыркайды таштап кеткен аял изделүүдө

Ошто милиция баласын балдар үйүнө таштап кеткен аялды издеп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда балдар үйүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды бирөөлөр эшиктин алдына таштап кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бала үй шартында төрөлгөн. Анын киндигин кесип, анан эшиктин алдына ташташкан. Наристенин ата-энесинин өздүгү такталууда», -деп билдиришти ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби