17:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таштанды наристе. Ошто баланын атасы делген жаран сурак берди

Ош шаарында мейманканалардын бирине ташталган наристенин атасы делген 25 жаштагы жаран сурак берип, ал «бала меники эмес» деп айтты. Бул тууралуу Ош ШИИББден билдиришти.

Эске салсак, Ошто аял 5 айлык наристесин мейманкананын кире беришине таштап кеткен. Ал мындай кадамга чогуу жашаган кишисин коркутуу үчүн барган.

«Наристе ушул жылдын майында төрөлгөнү аныкталды. Анын апасы- Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну, ал эми атасы 25те. Аял эркек баланы жарандык никеден төрөгөндүгүн билдирди. Ал эми анын жарандык никедеги жолдошу баладан баш тарткан. Аны коркутуп коюу үчүн аял баласын мейманкананын кире беришине таштап койгон. Өзү 30-40 метр аралыктан байкоо салып турган. Качан гана тез жардам унаасы келгенде ал чуркап барып, наристе аныкы экенин айткан», -деп билдиришти ШИИББдан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.


Эң көп окулган жаңылыктар