02:06
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Кыргызстанда мугалимдерге ноутбуктарды таратуу артка жылдырылды

Мугалимдерге ноутбуктардын биринчи партиясы 2025-жылдын 1-февралына чейин таркатылат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына КМТУнун технопаркынын жетекчиси Касымбек Келебаев билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар азырынча бериле элек, бирок биринчи партия үчүн 3,4 миң ноутбукка компоненттер келди.

«Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан «Санарип кампа» билим берүү аянтчасын монтаждоо жана параллелдүү орнотуу иштери жүрүп жатат. Анда мугалимдердин пландары, видеосабактар, презентациялар ж.б. Бизди кечеңденттип жаткан жалгыз нерсе бул платформаны орнотуу — бир ноутбук үчүн 1,5 саатка жакын убакыт кетет. Болбосо баарын чогултуп, өткөрүп бермекпиз. «Биринчи партияны 10 күндүн ичинде жеткиребиз деп ойлойм», — дейт Касымбек Келебаев.

Буга чейин ал 31-октябрда 27 миң ноутбукка 600 миллион сомдон ашык суммага келишим түзүлгөнүн билдирген.

Ал жабдуулардын бардык пландаштырылган көлөмү качан чогултуларын тактаган жок.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 20-январдан баштап STEM мугалимдерине ноутбуктар бериле турганын билдирген.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы жаңы даталарды тактаган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар