19:20
USD 87.45
EUR 91.18
RUB 0.90

Кыргызстанда 32 тамак-аш ишканасы эл аралык сапат стандарттарына ээ болду

Кыргызстанда 30дан ашык тамак-аш ишканалары эл аралык сапат стандарттарына ээ болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүрүү менен алектенген 415 ири жана орто ишкана жана 10,8 миң жеке ишкер катталган.

Ишканалардын эң көп саны Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — тиешелүүлүгүнө жараша 146 жана 136да жайгашкан. Алар өлкөнүн азык-түлүк өндүрүшүнүн негизги бөлүгүн беришет.

Кыргызстанда ишканалардан тышкары тамак-аш өнөр жайы менен алектенген 10 миңден ашык жеке ишкерлер катталган. Алардын көбү Ош облусунда жайгашкан — 3 миңден ашуун ишкерлер.

2025-жылдын башына карата 32 ишкана азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугунун эл аралык HACCP, ISO 22000 жана Global G.A.P стандарттарын киргизди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG