2024-жылкы сезон үчүн Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 33 мыкты футболчусун атады. Кыргызстандын Профессионалдуу футбол лигасы билдиргендей, RuStat агенттиги Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 2024-жылдын сезонундагы беттештерин анализдеп, анын негизинде сезондун жыйынтыгында эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон 33 оюнчу тандалып алынган.
Мыкты 11ликке Кыргызстандын футбол боюнча 2024-жылкы чемпиону, Канттын «Абдыш-Ата» клубунун тогуз футболчусу кирди. Дагы эки оюнчу «Дордой» (Алексей Лобов) жана «Ош Алайдын» (Нурдөөлөт Сталбеков) намысын коргойт.
Сезондун жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүч «Абдыш-Атанын» жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулуна (229) таандык.
Эске салсак, «RuStat» бардык матчтар боюнча статистика менен орус санарип платформа болуп саналат. Мындай долбоорлорду клубдар жана футболчулар гана эмес, профессионал ставкалар да колдонушат. Дал ушундай статистиканын жардамы менен сиз каалаган матчка реалдуу прогноз жасай аласыз. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Орусиянын футбол союзунун президенти Александр Дюков болгон.