Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постунда кечээ саат 19:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында киргизилди.
Мындан тышкары, Токтогул районунун Арал өткөрмө бекетинде дагы саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
ӨКМ кырсык болгон учурда «112» номерине чалууга чакырат.