13:00
USD 86.88
EUR 99.90
RUB 1.09

Унаа мекемеси жаңы жылдык майрам күндөрү кандай иштешет: графиги

Жаңы жылдык майрамдардын алдында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги борборлорунун иш графигин жарыялады.

2024-жылдын 31-декабрында бардык облустардагы бөлүмдөр саат 17:00гө чейин кыскартылган тартипте иштешет.

2025-жылдын 1-7-январь күндөрү бардык аймактык бөлүмдөр жабык болот.

2025-жылдын 8-январынан баштап кадимки режимде иштеп баштайт.

"Жарандарга ыңгайсыздыктар жаралбаш үчүн жогорудагы графиктин негизинде Унаа бөлүмдөрүнө болгон сапарларын алдын-ала пландаштырып алууну сунуштайбыз",-деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG