Кыргызгидромет билдиргендей, 28-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз +3...+8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз +3...+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −1...-6, күндүз +5...+10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн −18...-23, күндүз −4...-9.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы −4...-6, күндүз +5...+7 градус болот.