Кыргызгидромет билдиргендей, 26-декабрга өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз +3...+8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −4...-9, күндүз +2...+7,
Баткенде түнкүсүн −3...-8, күндүз +4...+9,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −3...-8, күндүз +3...+8,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −5...-10, күндүз +1...+6,
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −3...-8.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −6...-8, күндүз +5...+7 градус жылуу.