Кыргызгидромет билдиргендей, 24-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −8...-13, күндүз 0...+5,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз +2...+7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −3...-8, күндүз +2...+7,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −4...-9, күндүз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн −18...-23, күндүз −1...-6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −10...-12, күндүз +1...+3 градус жылуу.