17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −12...-17, күндүз −2...+3;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −11...-16, күндүз −4...+1;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн −10...-15, күндүз 0...-5;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −11...-16, күндүз −4...+1;
Нарын облусунда түнкүсүн −19...-24, күндүз −7...-12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −25...-30, күндүз −8...-13 градус болот.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −13...-15°, күндүз 1...3° болот.