13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз 4...9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −10...-15, күндүз 2...7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...+4;
Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −3...-8 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы −9...-11° суук, күндүз 5...7° жылуу болот.