Атайын кызматтар түрдүү структураларда жогорку кызматтарды аркалаган мурдагы аткаминерди кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.
Ал КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.
Белгилегендей У.С.И., 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча сөз Урманаев Султан Исакович жөнүндө болуп жатат. Кармалган адамдын баш тамгалары аныкына дал келет.